Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 1169 | 0

Баткен облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 12:39да Таджикистандын аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM