Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров жардамга муктаждардан кабар алууда

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 1484 | 2

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Бишкек шаарындагы жөлөкпулга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алууда. Бул тууралуу “Марал” радиосуна аталган министрликтен билдиришти.

Кочкоров жумушчу топ түзүп, 7-ноябрдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы менен таанышууда. Балдарды коргоо уюмунун жүргүзгөн изилдөөсүндө шарты оор болсо да жөлөкпул ала албай жүргөн үй-бүлөлөр бар экендиги аныкталган. Ошонун негизинде министр эки күн ичинде 4 райондогу жарандар менен жолугушуу өткөрүп жатканы маалым болду.

Эскерте кетсек, Улукбек Кочкоров 25-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Шаршебаева

    08.11.2018 18:10

    Соц,.мин Кочкорбаевге кандай байланышка болот?

  2. Айжамал Худайбердиева

    Айжамал Худайбердиева

    16.11.2018 11:24

    — Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жарандарды Бейшемби күнү саат 10-12 аралыгында кабыл алат. Сиз да аталган убакта министр менен жолуга аласыз. 0312 66 01 07 номуруна байланышып, кошумча маалымат алсаңыз болот. Социалдык өнүгүү министрлигинин имараты Тыныстанова 215 дарегинде жайгашкан. Ал Киев көчөсү менен кесилишет.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM