Биз менен байланышыңыз

Үйдөгү абаны тазалоонун 5 жолу

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 1469 | 0

Биз дем алган абанын кирдигинен жылына дүйнө жүзү боюнча 7 миллион адам каза болот. Ар бир он кишинин тогузу булганган абанын айынан жаңы ооруга чалдыгат же эски оорусун күчөтүп алат. Мындай билдирүүнү АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо комитети  изилдөөлөргө таянып жарыялады. Ага ылайык,  жабык имараттагы аба сыртка караганда 5 эсеге чейин кир болот.

Бирок мунун алдын алуу толук мүмкүн. Ал үчүн төмөнкү 5 ыкманы колдонуу жетиштүү:

  1. Үйдөгү абаны алмаштыруу үчүн күнүнө жок дегенде 2-3 жолу эшик-терезелерди ачып туруңуз.
  2. Үйүңүздү бөлмө өсүмдүктөрү менен толтуруңуз. Өзгөчө, аларды да жакшы кароо маанилүү. Болбосо уулуу заттарды бөлүп чыгаруусу мүмкүн.
  3. Табигый жыт беүүчүлөрдү колдонуңуз. Жыттуу аба тазалоочу, кийим жуугуч жана идиш-аяк жуугуч заттар ракты козутуучу күчкө ээ болгону үчүн булардан узак туруңуз. Кийимдерди жытсыз айна менен жууп, бөлмөдөгү жагымсыз жытты кетирүү үчүн лимон сыяктуу табигый жыт бергичтерди колдонуңуз.
  4. Жабык аянттарда тамеки чегүүгө кескин түрдө тыюу салыңыз. Тамеки тарткан кишиге караганда, бөлмөдө турган башкалар көбүрөөк зыян көрөрү белгилүү. Өзгөчө туруктуу тамеки чегилген үйлөрдө жаш балдардын өлүмү көп катталары аныкталган.
  5. Ар кандай аллергия пайда кылуучу жагдайларга көңүл буруңуз: жуулган кийимди ачык терезенин жанында кургатуу, үйгө кирерде бут кийимди сырттан тазалап кирүү, уктачу шейшептерди бат-баттан чайкоо олуттуу чаралардан болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM