Биз менен байланышыңыз

Испанияга келе жаткан 17 мигрант сууга чөгүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 600 | 0

Мароккодон Испаниянын жээгин көздөй жолго чыккан мигранттардын кайыгы Альборан деңизинде аңтарылып, ичиндеги 13 киши сууга чөгүп кеткен. Ал эми төртөө кайык жээктеги аскага урунганда сууга түшүп, каза болушкан.

Төрт мигранттын сөөгү Андалусия автономиялык облусунун куткаруучулары тарабынан табылды. Булардан сырткары кайыктагы 40 киши аман-эсен жээкке келип жетишти.

Миграция боюнча Эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, жылдын башынан бери Испанияга Жер ортолук деңизи аркылуу 47,5 миңден ашуун мигрант келген. 567 киши денизге чөгүп набыт болгон.

Ал эми жалпы Европага 98 минден ашуун мигрант дениз аркылуу өткөн. Былтыркы жылы алардын саны 172 миңге жеткен. 2 миңге чукулу жолдо каза болушкан же дайынсыз жоголушкан. Мигранттардын басымдуу бөлүгүн Түндүк-Батыш Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн согуштан же ачкачылыктан качып баргандар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM