Биз менен байланышыңыз

Европанын эң таза жана эң кир шаарлары аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 1687 | 0

Македониянын Тетово шаары Европадагы абасы эң булганган шаар. Бул тууралуу numbeo.com сайтынын Pollution Index 2018 рейтингинде белгилүү болду.

Айлана-чөйрөнүн булгануусу боюнча Тетоводон кийинки орунду Италиянын Неаполь шаары жана ошол эле Македониянын борбору Скопье алды. Бул шаарлардын абасынын кирдиги 90%дан жогорку чекти көрсөтүүдө.

Эң кирдеген шаарлардын ондугуна Албаниянын Тирана шаары, Италиянын Турин шаары, Румыниянын Бухарести, Босниянын Сараевосу, Польшанын Краков шаары, Болгариянын Пловдив шаары жана Украинанын борбору Киев кирген.

Ал эми эң таза шаар деп Финляндиянын Хельсинки, Исландиянын Рейкявик жана Швейцариянын Цюрих шаарлары аталган.

Бул тизмени Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2018-жылга карата жарыялаган билдирүүсү да тастыктап турат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM