Биз менен байланышыңыз

Санкциялар: Рухани Трампка жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 580 | 0

5-ноябрь күнү күчүнө кирген АКШнын Иранга каршы санкцияларын буйтап өтүүнүн жолун издеген Иран бийлиги мунай өндүрүү жана экспортуна басым жасарын айтты.

Өлкөдөгү эң алдыңкы экономисттер менен болгон жыйынында Иран лидери Рухани АКШ аларга экономикалык согуш ачканын айтып,  мунай экспортун күчөтүү жолу менен аталган чектөөлөрдү бузуп өтөрүн билдирди.

Евробиримдик болсо санкцияларга каршы Иранды колдоорун жарыялады. Өз компанияларын АКШнын санкцияларынан коркпостон Иран менен кызматташтыгын жургүзө берүүлөрүн эскертти. Ал үчүн америкалык финансы системасынан көз карандысыз атайын механизм да иштеп чыгышты.

Бирок Ирандан мунай импорттогон сегиз мамлекет чектөөлөрдөн убактылуу бошотулду. Алар Кытай, Түштүк Корея, Индия, Түркия, Япония, Тайвань, Грузия жана Италия.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Евробиримдик жана  АКШ Ирандын өзөктүк программасы тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюшкан. 2017-жылы Трамп бул келишимди “абдан начар” деп баалап андан чыгып кеткен. Артынан Иранды өзөктүк куралдарды өндүрүүнү улантууда деген жүйө менен келишимге чейин жүзөгө ашып келген санкцияларын толук бойдон кайра киргизерин эскерткен.

Санкциялардын биринчи блогу август айында ишке кирсе, экинчиси 5-ноябрда башталды.

Copyright © 2017 Maral FM