Биз менен байланышыңыз

Эми айдоочулук күбөлүк үчүн саналуу гана медборбордун маалымкаты жарайт

Пикирлер | 1 Ноя 2018 | 777 | 0

Саламаттыкты сактоо тармагында бирдиктүү системанын жоктугунан психикалык оорулууларга да айдоочуулук күбөлүк берилип калган. Бул жерде медициналык маалымкатты берген мекеме күнөөлүү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Адыл Рыскелдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми айдоочулук күбөлүк үчүн саналуу медициналык борборлордун гана маалымкаттары жарактуу деп эсептелет.

«Жакында Саламаттыкты сактоо министринин буйругу чыкты. Ага ылайык, белгилүү гана мекемелердин маалымкаты алынат. Алар негизинен мамлекеттик ооруканалар. Эгер жарандын саламаттыгы боюнча кандайдыр бир маселе жаралса, маалымкатты берген мекеме жооп берет. Биз жарандардын ден соолугун текшерип, баарына жооп бере албайбыз», — дейт Рыскелдиев.

Ал буга кошумча, айдоочулук күбөлүк берүү системасы толугу менен автоматташтырылганын, ал система бардык автомектептерге коюлганын белгиледи.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM