Биз менен байланышыңыз

Грузия: президенттик шайлоонун экинчи туру 2-декабрда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 694 | 0

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи туру 2-декабрда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комитети ачыктады.

28-октябрда өткөн шайлоонун биринчи турунда 25 талапкердин бири дагы 50%дык чектен өтө алган эмес. Жеңүүсү күтүлүп жаткан мурдагы Тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили 38,6% добуш менен биринчи келсе, 37,7% менен бирдиктүү оппозициянын талапкери мурунку Ички иштер министри Григол Вашадзе келди.

Мына ушул экөө алдыдагы шайлоодо ат салышат. Көрсөткүчтөр дээрлик бирдей болгону коомчулуктун буйүрүн кызытып, ким Грузиянын 7-президенти болоорун божомолдоо да кыйынга турууда.

Шайлоого жакын мурунку президент Михаил Саакашвилини кызматтан кетиргендердин башында турганын айткан Зурабишвилинин бул сөзү анын салмагын кыйла түшүргөн. Андан сырткары, азыркы бийликке карата коомчулуктун нааразылыгын жана шайлоодо 10% шайлоочулардын колдоосун тапкан Давид Бакрадзе да оппозициялык күчтөрдөн болгонун эске алганда, учурдагы бийликтин колдоосу менен бараткан Зурабишвилинин жеңиши бир топ шек жаратат. Ал эми Вашадзенин орус тараптары деп айыптап, Грузиянын кайрадан Орусиянын таасиринде калуусуна алып келет дегендер да четтен чыгат.

Бирок талапкерлердин экөө тең программасында НАТО жана Евробиримдикке жанашарын белгилешкен.

Орус тарап, шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да, алардын мамилесине таасир этпей турганын айтууда. Мамлекеттик Думанын депутаты, КМШ боюнча комитеттин төрагасы Леонид Калашников: “Мен эки талапкерден тең Орусия менен мамилени жакшыртуучу өзгөчөлүктү көрбөй жатам. Эки тарап менен тең суз мамиледебиз. Биринчилери келсе деле мейли, а Саакашвили тараптан бирөө келчү болсо, андан да жаман. Бирок азыркыдан да жаман болуусу мүмкүн эмес”,-деп билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM