Биз менен байланышыңыз

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 683 | 0

Япониянын Тажикстандагы элчилиги “Лангар” көзөмөл өткөрүү пунктун куруп, Тажикстандын бажы кызматына тапшырды.

Аталган пункт мамлекеттин Афганистан менен чектешкен аймагына курулган.

Элчиликтин маалыматында, аны курууга 1 млн 380 миң доллар сарпталган. Ал административдик мекеме, суу жана канализация менен жабдылган жатакана, сактоочу жай, кеңейтилген инспекциялык аймактан турат.

Copyright © 2017 Maral FM