Connect with us

Министрлик 100 миң адам мыйзамсыз жүрөт деген маалыматты төгүндөдү

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 709 | 0

Кээ бир маалымат каражаттарында Кыргызстандын аймагында 100 миң жаран мыйзамсыз жүрөт деген маалымат тараган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеме бул маалыматты четке кагып, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу кызматы такай “Нелегал” жана “Мигрант” аталыштагы ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрүп келерин айтат.

Анын негизинде ушул жылдын 9 айында мыйзамсыз миграция боюнча 154 факт катталган. Ал эми чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча 143 факт орун алган. Ошондой эле, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 340 чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган.

Кыргызстанда жүрүү тартибин жана транзиттик өтүү тартибин бузгандыгы үчүн 3 миң чет өлкөлүк жаранга айып салынып, 34 млн 900 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшкөн.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 9 айында 38 миң 771 чет өлкөлүк жаран катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM