Connect with us

Жаңы кодекстер: чет өлкөлүктөргө чара көрүү механизми жок

Коом | 26 Янв 2019 | 1014 | 0

Кыргызстанга өткөн жылы 7 млн 5700 чет элдик жаран кирген. Кайра анын 6 млн 930 ошол эле жылы чыгып кеткен.

Соңку баш жылда Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн саны 6 эсеге өстү. Тагыраагы, 2010-2011-жылдары каттоого тургандар 70 миңди түзсө, өткөн жылы 450 миңге жеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды каттоого алуу депорттаментиндеги маалыматта өлкөдө каттоого алынган чет өлкөлүктөрдүн агымы беш жыл ичинде 6 эсеге өстү. 2010-11-жылдагы көрсөткүч менен салыштырганда 6 эсеге жогору болду. Бирок бул жерде жалпы өлкөгө кирген жарандар деп кабыл албашыбыз керек. Себеби Кыргызстан көпчүлүк өлкөлөргө  каттоо процедураларын алып салган. Тагыраагы, 60 күнгө чейин келген чет өлкөлүктөр каттоого алынбайт. Ошондуктан Ватикан, Люксембург сыяктуу мамлекеттен келген туристтер каттоого алынган эмес. Ал эми каттоого алынгандардын көрсөткүчү 450 миңге жетти.      

Ал эми чек арадан кирип чыккан агымга көз чаптырсак, 7 млн 5700 адам кирип, ошол эле жылы кайра 6 млн 930 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын ичинен эң чоң үлүш бул Казакстан Республикасынын жарандарына туура келет. Кийинки орунда Орусияныкы, андан соң Тажикстан, Түркия жана Кытай Эл Республикасы турат.

А бирок уруксат кагаздарына келсек, анын дээрлик 70 пайызы кытайларга берилгенин Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов белгилейт.

2018-жылы 2950 адамга иштегенге уруксат берилген. Анын дээрлик 70 пайыздан ашыгын Кытай Эл Республикасынын жарандары алган. Ошону менен бирге уруксат кагаздардан республикалык бюджетке акыркы беш жылда 265 млн сом түшкөн. Ар бир уруксат кагазы үчүн чет өлкөлүктөр 2 миң сомдон төлөйт. 

Дагы бир көңүл бурчу жагдай, азыркы күндө кытайлар менен никеге тургандар жөнүндө да маселе курч бойдон калууда. Бүгүнкү күнү алардын саны 60 миңге жетти деген сөздөр коомчулукта айтылып жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Башка өлкөнүн жарандары көбөйүп кетти. Аларды киргизбей чыгарышыбыз керек»-деген туура эмес. Мына, Кытайдан келгендер тууралуу көп сөз жүрүп жатат. Чындыгында, коңшу өлкөдөн келгендердин көбү эмгек мигранттары эмес. Алар — ишкерлер. Жумуш издеп келишкен жок. Соода тармагыбыздын 40 пайызы Кытайга туура келип жатат. Канча деген ишканалар ачылды. Чоң инвестиция келип жатат. Ошондуктан чет өлкөлүктөр көбөйдү деп маселе көтөргөнүбүз туура эмес. Ушундан пайдаланып айрымдар кытайлар менен 60 жаран никеге турганын 60 миң деп чыгарып жатышат. Бул чындыкка жакын маалымат эмес.   

2018-жылы чет өлкөлүктөр менен жалпы 1762 никеге тууру болгон. Алардын 582си Орусиянын жарандары менен тургандар. Дагы 489 нике Өзбекстандын жарандары менен түзүлгөн. 192 кыргызстандык Тажикстандын жарандары менен үй-бүлө курган. Кытайлар менен 18 жаңы үй бүлөө пайда болгон.

Чындыгында, Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн үч негизги жоон тобу бар. Алардын биринчиси — инвестор болуп келгендер. Бул тизмеге Кытай, Түркия жана Орусиянын жарандары кирет. Кийинки топ жумушчу күч болуп келгендер. Анда тажиктер, өзбектер бар. Үчүнчүдө, өлкөгө эс алуу үчүн келгендер. Алардын катарында көпчүлүк Европа мамлекеттери жана АКШ кирет.

Бирок айрым учурда Кыргызстанда жүрүп мыйзам бузган чет өлкөлүктөр дагы бар. 2014-2018-жылдар аралыгында 22 миң жаран мыйзам бузган. Алардын 1549 республикадан чыгарылганын Ички Иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымдады.

Миграция мыйзамдарын бузган үчүн 22 миң 31 чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жоктор аныкталган. Ошол эле кезде алар жоопкерчиликке тартылышкан. 1549 адам өлкөдөн чыгарылган. Жалпы 198млн сом айып салынган. Бирок жаңы кирген мыйзамдарда миграция жагында айрым кемчиликтер бар.  

Мамлекеттин мындай чет өлкөлүктөр менен күрөшүү механизмдери жок. Мыйзамдарда дагы каралган эмес. Мындан улам аларга карата чараларды күчөтүү тапшырмасы өкмөт башчы тараптан берилди.

Иш жүзүнө кирип жаткан кодекстерде  өлкөгө кирген жана чыккан чет өлкөлүк жарандарга салынган айып пул боюнча айрым мүчүлүштүктөр бар. Ошол мүчүлүштүктөрдүн баарын жоюшубуз керек. Эгерде мигрант өзү тартип бузса, айып пул салганга механизм жок.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров чет өлкөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү сунушун берди.

Бардык мамлекеттик органдар чет өлкөлүк жарандарга мыйзамды бузбоо үчүн алдын ала эскертүү берүү жагына басым жасасак. Буга кошумча биз сунуш бердик. Мигранттардын санын эсепке алуу үчүн бирдиктүү системасын экинчи этабын киргизсек. Бул бардык органдардын базаларын алмашууга мүмкүнчүлүк түзмөк.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнү чет өлкөлүктөр менен жалпы 6 мамлекеттик орган иш алып барат. Көпчүлүк маалда алардагы маалыматтар бири-бирине дал келбеген учурлар көп катталат.

Copyright © 2017 Maral FM