Биз менен байланышыңыз

Бишкекте шахмат боюнча чемпиондук башталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 758 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча чемпиондук башталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага республика аймактарынан келген 100дөн ашуун адам катышып жатат. Таймаш жаш балдар жана чоңдор арасында өтөт.

Эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева бул иш-чара коомдун гумандашуусуна өбөлгө болот деп билдирди. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин социалдык адаптациясына шарт түзөт деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, шахмат боюнча чемпиондук 29-ноябрга чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM