Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы 12 жаштагы шахматчы Дария менен жолугушту

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 737 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында АКШда өтө турган шахмат боюнча Дүйнө чемпионатына жолдомо алган 12 жаштагы Дария менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Дариянын ийгиликтери Өкмөт үчүн кубаныч алып келгенин, анын апасынын эмгегин баалаганын айтты.

Биз Дариядай балдарыбыз менен сыймыктанабыз, ал өз кыялына жетиш үчүн бардык кыйынчылыктарга карабай, өзүнө эрктүүлүк жана күч тапты. Сенин жеңишиң ар бирине дем берет, сенин ийгилигиң биздин бардык замандаштарыбызга, өзгөчө жаштарга өз күчүнө жана өзүнүн ийгилигине ишеним артат. Биздин спортсмендердин эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишүүсү – биздин өлкөнүн жана биздин коомдун өнүгүүсүнүн көрсөткүчү. Биз сенин жеңиш менен кайтышыңды күтөбүз”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчысы Дарияга алдыдагы чемпионатта жана башка эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Дария шахмат менен төрт ай машыгып эле Президенттин Кубогуна катышып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга тиешеси жок балдар менен тең ойноп жогорку балл топтогон. Ошондон кийин Дарияда ар кандай эл аралык мелдештерге катышуу жана жеңиштерге жетүү максаты пайда болгон.

Ушул жылдын апрелинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген 20 жашка чейинки балдар жана кыздар арсында Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча биринчи Чемпионатында Дария алтын медаль утуп, АКШда өтө турган III Дүйнөлүк чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Copyright © 2017 Maral FM