Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда шахмат боюнча онлайн-мелдеш башталды

Кыска кабар , Спорт | 12 Июн 2019 | 711 | 0

Кыргызстанда дүйнө чемпиону Анатолий Карповдун ХХ эл аралык шахмат боюнча мелдешинин алкагында ачык онлайн-мелдеш өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Шахмат федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, play.chessking.com электрондук дареги боюнча «Шахмат ааламы» порталына катталган бардык каалоочулар катыша алышат.

Алардын ойноо тартиби төмөндөгүдөй белгиленди:

12-июнда 2001-2004-жылы туулгандар арасында;

13-июнда 2005-2008-жылы туулгандар арасында;

14-июнда 10 жаштан 18 жашка чейинкилер арасында;

15-июнда 18 жаштан өйдөкүлөр арасында;

Шахмат федерациясы бул мелдеш жаштардын жана жалпы күйөрмандардын шахмат оюнуна кызыгуусун арттырарын белгилейт. Анткени, онлайн-мелдеш шахмат ышкыбоздорунун дүйнөнүн кайсыл жеринде экенине карабастан, катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM