Биз менен байланышыңыз

Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты: таажы талаш кызуусуна келди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 810 | 0

Англиянын Лондон шаарында өтүп жаткан шахмат боюнча дүйнө биринчилиги дүйнө коомчулугунун бүйүрүн кызытып турган чагы. Анда планетанын биринчиси болуу үчүн күрөшкө чыккан буга чейинки норвегиялык чемпион Магнус Карлсен менен америкалык талапкер Фабиано Каруананын ортосундагы  кармаш 1886-жылдан бери өтүп келе жаткан биринчиликтин эң кызуу беттеши болгону айтылууда. 12 турдук оюндан кийин да бирдей упай менен келе жаткан шахматчылар акыркы турда үч саат бою олтурушту. Күтүүсүз жерден кара фигуралар менен ойноп жаткан Карлсен тең чыгууну сунуштап, Каруана да аны кабыл алды.

Эми бүгүн 28-ноябрда атаандаштар тай-брейк ойношот. Анда башында «тездетилген турлар» болот, эгер жеңүүчү аныкталбай калса дагы кыска мөөнөт берилчү «блиц» турларына өтүшөт. Убактысы азайтылган сайын ката кетирүү ыктымалдыгы көбөйөт, бирок ошондо дагы тең чыгып калышса, анда шахматчылардын «коркунучтуу түшү» болгон «Армагеддон» туруна өтүшөт. Негизинде «Армагеддондо» жеңүүчү билинери бышык. Дагы эле тең чыгып калчу болсо кара фигуралар менен ойногон оюнчу жеңүүчү деп табылат. Анткени ак фигуралар мурда баштап, бир мүнөт ашыкча ойногон болот.

Ошентип акыл спортунун таажысын ким киери бугүн аныкталат. Адистер Карлсендин кыска мөөнөттүү оюндарда дараметтүү экенин белгилешет. Бирок орусиялык легендарлуу шахматчы  Каспаров өзүнүн Твиттердеги эсебинен Карлсендин тең чыгууну сунуштаганы анын нервинин алсырап калганынан кабар берерин билдирди. Ошондуктан  дүйнө чемпионунун атын алдын ала атоо азырынча эч мүмкүн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM