Биз менен байланышыңыз

Магнус Карлсен шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону бойдон калды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 1487 | 0

Ноябрь айы боюнча 12 турда тең чыгуу менен уланып келе жаткан шахмат боюнча чемпиондуктун финалы кечээ жыйынтыкталды. Анда буга чейинки дуйнөнүн чемпиону норвегиялык Магнус Карлсен менен америкалык талапкер Фабиано Каруана катуу тирешип, 12 тур боюнча тең чыгып келишти. Адистер бул жылкы финалды 1886-жылдан берки эң кызуу беттеш деп баалашты.

Көпчүлүк бул тиреш эң акыркы чечүүчү Армагеддон туру менен аяктарын күтүп жатышкан. Бирок кечээ тездетилген тай-брейк турунун үчүнчү бөлүгүндө Карлсен Каруанага мүмкүнчүлүк берген жок, Каспаров айткандай ал тездетилген оюнда мыктылыгын дагы бир жолу далилдеди.

Ошентип норвегиялык Магнус Карлсен өзүнүн чемпиондук титулун сактап калды.

Copyright © 2017 Maral FM