Биз менен байланышыңыз

Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өтүүдө

Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 868 | 0

Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча жарыш башталды. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан маалымдашты.

Ага ылайык, аталган спорттук иш-чара Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өтүүдө. Анда 6дан 18 жашка чейинки балдар, кыздар таймашууда.

Маалыматта айтылгандай, быйылкы жылы 625 бала катышып, рекорд коюлду.

Беттеш швейцариялык эреже менен ойнолуп, 7-9 турга созулат.

Мелдеш 12-январга чейин уланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM