Биз менен байланышыңыз

Миграция кызматын өзгөртүү каралууда

Коом | 18 Янв 2019 | 1269 | 0

Миграция кызматынын түзүмүн өзгөртүү сунуштары айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мекемени министрликке же комитетке айлантуу керектигин билдиришти. Андай кылбаса кызмат мигранттардын маселесин чечүүдө ыйгарым укуктары жетишпей жатканын жүйө келтиришти. Ал эми өкмөт сунуштарды карап чыгып, өздөрүн позициясын билдирмекчи.

Кыргызстанда миграция кызматын өзүнчө министрлик кылып түзүү керек же болбосо анын макамын жогорулатуу зарыл. Мындай пикирди депутат Данияр Төлөнов парламентте билдирди.

Анын айтымында, миграция кызматы сыртта жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодо жетишерлик иштей албай жатат. Азыр өлкөдөгү кытай жарандары тууралуу ар кандай маалыматтар тароодо. Бул тууралуу элге туура маалымат жеткирүүгө кызматтын аймактарда өкүлчүлүктөрү жок.

-Жаңы өкмөттүн курамында миграция кызматын министрлик же комитет кылууну карап чыкса болот. Бул мекеменин аймактарда өкүлчүлүктөрү болсо түшүндүрүү иштерин жүргүзмөк. Кийин өкмөттүн курамын сунуштап жатканда ушул маселеге көңүл буруп койсоңор жакшы болмок. Ошондо миграциянын иши алдыга жылат деп ойлойм. Азыр бир эле кытайлар маселеси пайда болуп жаткан жок. Орусиядагы миграттарыбыздын укуктары, коңшу мамлекеттен келип иштеп жаткандардын маселелери да бар.

Өкмөт Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан жакшы жашоо издеп чет мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын саны 800 миңдин тегерегинде экенин билдирген. Бирок иш жүзүндө алардын саны миллиондон ашып кеткени айтылып жүрөт. Мекендештердин салган акчасы өлкө экономикасынын негизги бөлүгүн түзөөрүн айткан депутат Зиядин Жамалдинов мамлекет тарабынан аларды колдоого алууну өтүндү.

-Кыргызстанга сыртта жүргөн эмгек мигранттардан канчалаган каражат которулуп жатат. Ал эми мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүп жатабыз? Ошондуктан миграция кызматын өзүнчө түзүп, министрлик деңгээлине чейин көтөрүү керек. Миграция маселелери боюнча бир гана органдан отчет сурайлы. Сыртта жүргөн мигранттар боюнча да жооп бериши керек. Миграция кызматынын Орусияда өкүлчүгү жок. Эмнеге деп сурасаң каражатыбыз жок дешет. Чет элден келген мигранттарга жумушка уруксат берүү үчүн эки миң сом эле салык салынат экен. Аны 50 миң сом кылуу керек деп эки жылдан бери айтып келем. 16 миң лицензия берилиптир. Ал 1 млрдга жакын каражат болмок. Анан мигранттарыбыз көп өлкөдө өкүлчүктөрдү ачат элеңер.

Мурда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги иштечү. 2015-жылы министрликтин айрым функциялары социалдык өнүгүү министрлигине биригип, миграция кызматы болуп калган.  Эми миграция кызматынын түзүмүн өзгөртүүнү өкмөт карап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

-Азыр өкмөттө ушул маселе каралып жатат. Жалпысынан өкмөттүн структурасы каралууда, башкача айтканда оптималдаштырып, ыкчамдаштыруу боюнча. Миграция кызматы боюнча ар кандай сунуштар айтылууда. Мамлекеттик миграция кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин бириктирүү, тышкы миграцияны тышкы иштер министрлигине өткөрүү, айрымдар ИИМге берилсин деген ар кандай сунуштар бар. Өкмөт карап жатат. Азырынча өкмөт кайсы позицияга токтолгонун айтууга эрте.

Аталган кызматты министрликке айлантуу сунушу көптөн бери эле айтылып келет. Бул боюнча сыртта иштеп жүргөн кыргыз мигранттары да коңгуроо чалган.

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш  Молдокматов депутаттар шайлоо жакындаганда гана мигранттардын камын ойлоп калганын сындады. Буга чейин миграция кызматын өзгөртүү сунушун далай көтөргөнүн белгилеп, көңүл бурулбай келген деди.

-Министрлик кылып кайра түзүүнү толугу менен колдойм. Мындай демилге депутаттардан эмес, өкмөт башчыдан чыгуусу керек. Эмнеге? Анткени экономиканын үчтөн бирин көтөрүп жана кармап келе жаткан тармак- бул мигранттар. Андан тышкары калктын 5/1 бөлүгүн түзгөн мекендештерибиз тышта жүрөт. Аларды колдоо максатында министрликти түзүү жаман эмес. Мигранттардын акчасын өлкөгө алып келип, экономикага коштуруп, аны инвестор деп таануу учурдун талабы. Демек, миграция кызматы министрлик болууга толук укугу бар.

Ошол кезде өкмөт Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюу менен каражатты үнөмдөлө турганын убадалаган.  Бирок эч кандай каражат үнөмдөлбөй эле жыйынтык алып келбегенин мурунку вице премьер-министр Дамира Ниязалиева айтты.

-Министрлик кылып койсо деле жакшы болот. Анткени өлкөдө миграция маселеси өтө курч болуп турат. Мекенин аты, статусу болсо башка өлкөнүн министрликтери менен сүйлөшкөнгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мурда министрлик жоюлганы менен ошол эле штат иштеп жатат. Каражат ошондой эле бөлүнүүдө. Бул жыйынтык алып келген жок. Эми атын министрлик кылып, башына тажрыйбалуу жетекчини алып келбесек анда дагы деле өзгөрүү болбойт. Тыянак чыкпайт.

Расмий маалымат боюнча 800 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө мигрант болуп эмгектенип журөт. Иш жүзүндө сыртта жүргөн мекендештердин саны анданда көп экени айтылууда. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстанда иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM