Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Илмияновдун иши да аягына чыкпай калышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2018 | 760 | 0

Кыргызстандагы коррупция менен күрөштүн жыйынтыгы чыкпай калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин убагында да камалгандар акталып чыгып кеткен.

Күрөш туура жол менен кете турган болсо, анда Икрамжан Илмияновду «коррупция» беренеси менен камаш керек болчу.

-Азыр «алдамчылык» менен кармоодо. Бул иш дагы аягына чыкпай калышы мүмкүн. Бийлик сотторду ачык өткөрбөсө, баары саясий мотивде камалган болуп чыгып келиши мүмкүн. Эгер далилдер так болбосо, президенттин уят болуп калуу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Атамбаевдин учурундагы адамдарын баары прокуратурада, сот бийлигинде отурат», — дейт Жээнбеков.

Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда.

Эске салсак, ал 20-октябрга караган түнү Москвада кармалып, Бишкекке алып келинген.

Copyright © 2017 Maral FM