Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айрым райондордо 4 күнгө газ берүү токтотулат

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 872 | 0

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгын маалымдады.

Жаратылыш газы өчүрүлүүчү көчөлөрдүн тизмеси:

-22-23-октябрда Бишкек шаарынын Кийизбаев, Армейская көчөлөрүндө;

-22-26-октябрда Ново-Покровка айылы, «Ала-Тоо» ж/к, «Ак-Ордо» ж/к, «Ак-Орго» ж/к, Пригородное айылы, «Жениш» ж/к, Маевка айылы, Н. Ала-Арча айылынын Саадаев, Коллекторная көчөлөрүндө, Советский өтмөгү , Киргизская, Колхозная, Новая, «110 квартал» ж/к, «Буурдинский ж/к, АГНКС «Газинтерсервис», «Монолит» заводу, автобаза «Турист»;

-23-24-октябрда Восток айылынын Ленин, Щорс, Сельповская көчөлөрүндө;

-24-25-октябрда Арча-Бешик ж/к Абдрахманова, Улан, Адыгине, Магистральная, Стадион көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM