Биз менен байланышыңыз

Президентке учак сатып алууга 100 млн доллар керектелет

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 689 | 0

Президентке жаңы учак алуу үчүн 100 миллион долларга чейин акча керектелет. Бул тууралуу тегерек столдо Жарандык авиация агенттигинин Укуктук колдоо жана жарандык авиация ишмердүүлүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров билдирди.

Анын айтымында, жаңы учак сатып алуу үчүн мамлекетте да, жеке компанияларда да мындай каражат жок.

«Өлкө башчыны ташыган №1-борт чындыгында эскирди. Аны алмаштыруу зарыл. Бирок ага каражат жетишпейт. Анткени жаңы Boeing, Airbus учагынын баасы 80-100 миллион доллар турат. Ал үлгүдөгү эски учакты алуунун кереги жок. Учурда президентти ташып жүргөн Ту-154 учагын бизге 10 жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин белек катары берген», — деди Абакиров.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев президентти ташыган учакты башкалардан белек катары сураса да жаңылап берүүнү сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM