Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Ашууда калган чабандар куткарылат

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 822 | 0

Жалал-Абаддагы ашуудан аша албай калган 5 чабанды куткаруу аракети башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

18-октябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 5 чабан мал-жандыктары менен “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган. Чабандар аман-эсен жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба ырайы турукташканда айылга кайтышарын айтышкан.

Бүгүн, 19-октябрда күндүзгү саат 14:30да чабандардан кабар алуу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM