Биз менен байланышыңыз

Путин Өзбекстанга иш сапары менен барды

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 1068 | 0

Орусия президенти Владимир Путин 18-октябрда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди. Ташкенттеги аэропортто орус лидерин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу мамилелер, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнүн келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактагы коопсуздук маселелери талкууланат.

Мамлекеттик сапардын алкагында “Өзбекстан – Орусия” форуму өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Алардын арасында Өзбекстанда Орусиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачуу, эл аралык “Суффа” обсерваториясын түзүүнүн жол картасын бекитүү дагы бар.

Путиндин эки күндүк сапарынын алкагында 20 млрд доллардан ашык суммага бааланган долбоорлорго кол коюлат. Бул каражаттын теңинен көбү атомдук электростанция долбооруна жумшалат.

Бүгүн, 19-октябрда Путин менен Мирзиёев Өзбекстандагы атомдук электрстанциясынын пайдубалын түптөө аземине катышат. Долбоор 11 миллиард долларга бааланууда. Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, станция 2028-жылы курулуп бүтөт. Бул Борбор Азиядагы алкачкы өзөктүк долбоор болуп калмакчы.

Соңку ирет Путин Өзбекстанга 2016-жылы Ислам Каримов каза болгондон  көп убакыт өтпөй келип кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM