Биз менен байланышыңыз

New York Times: Эрдоган жоголгон журналист маселесин өзүнүн кызыкчылыгына колдонууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 1397 | 0

New York Times басылмасы дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашокжинин (Кашыкчы)маселесин өзүн сунниттердин лидери катары таанытуу максатында колдонуп жатканын жазып чыкты.

Басылманын айтуусунда, аталган журналисттин өлтүрүлгөнү тууралуу провокациялуу кабарларды түрк тарап гана чыгарып жаткандыгы көңүл бурдурууда. Журналисттин өлүмүнүн тегерегиндеги кабарлардын баары Эрдогандын кеңешчилери тараптан жөнгө салынып, жарыяланып жатат.

“Учурда бардык жеңиштүү “карталар” Эрдогандын колунда. Аларды кандайча колдоноорун билбейбиз. Балким, ал Сауд бийлигин бул оор абалдан чыгаруу үчүн алар менен бир макулдашууга барат. Кылмыш боюнча иликтөөлөрдүн чыныгы жыйынтыгын жашырып, ханзаада Мухаммедди таза чыгарып, ал үчүн финансы каражатын алуусу мүмкүн”,-дейт басылмада.

Ошондой эле, түрк тарап руханий лидерликти суроосу да ыктымалдыгы белгиленет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM