Биз менен байланышыңыз

Дүйшөнбек Зилалиевге карата соттук өкүм чыкты

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 1039 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата чечим чыгарды. Ага ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилди.

Зилалиев акыркы сөзүн сүйлөп, 6 айдан бери текшерүү иши жүрүп жатканын, прокуратуранын эч кандай далили жок экенин билдирди.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде шаардын так ортосунда бомба коюлганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк аны Дүйшөнбек Зилалиев айтканы белгилүү болгон. Бирок ал маалыматты өзү четке кагып, бомба жөнүндө сөз болбогонун, ал жөн гана кызга «комплимент» айтуу ниети болгонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM