Биз менен байланышыңыз

Жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча завод ачылды

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 703 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча “Салют” кыргыз-кытай ишканасынын ачылышына катышты. Анда Абылгазиев үстүбүздөгү жылы экономиканын реалдуу секторунда 121 ишкана ишке киргизилип, миңдеген жумушчу орундар түзүлгөнүн айтты.

Чүй облусу боюнча – 19, Нарын облусу боюнча – 17, Ысык-Көлдө – 21, Жалал-Абад аймагында – 20, Ош облусунда – 25, Баткен облусунда – 15 жана Талас облусунда 2 ишкана ишке киргизилди. Мындан тышкары, 150 социалдык объект – мектеп, оорукана жана спорттук залдар ишке берилди. 2018-жылдын планына 143,4 км жолду асфальттоо, ремонттоо иштери киргизилген. Мындан тышкары кошумча 111,6 км жол республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча киргизилди. Учурда 171,8 чакырым жолдогу иштер жыйынтыкталды.

«Салют Компани» ЖЧКсы өкмөттүн инвестициялык долбоорлор программасына киргизилген. Завод Кыргызстандагы аммонит чыгарган жападан жалгыз завод болуп саналат. Ал тоо кен өнөр жайы ишканалары, жол куруу сектору, жогорку вольттуу электр линияларын тургузуу үчүн керектүү заттарды өндүрөт.

Ишкана 60 жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат, ал эми жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 млн сом кошумча каражат түшөт. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 000 тоннаны түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM