Биз менен байланышыңыз

Анара Мамбеталиева мурдагы кызматына кайтат

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 986 | 0

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева 19-октябрда кайрадан кызматына кайтат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мамбеталиева үстүбүздөгү жылдын 15-августунда “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат” мыйзамынын негизинде жумуш убагында «пикет уюштурган» деп айыпталып  кызматтан бошотулган.

Эскерте кетсек, Анара Мамбеталиева өзүнүн Фейсбук баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго мекемедеги коррупцияга аралашкан кызматкерлердин ишин иликтөөсүн айтып видео аркылуу кайрылуу жасаган.

Анда мыйзам бузган кесиптештеринин атын аттарын атап, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнөн кооптонуп жаткандыгын айтып, президенттен коргоосун суранган болчу. Коопсуздук Кеңеши анын кайрылуусун карап, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында, инспекцияда коррупциялык аракеттер болгондугу, Мамбеталиеванын кызматтан мыйзамсыз алынгандыгы аныкталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM