Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Мени эфирге чакырган медиалар жабылып кетүүдө

Пикирлер | 18 Окт 2018 | 885 | 0

«Мен медиа холдинг ачсам, ошол замат жабылат. Жадагалса, мени эфирге чакырган медиалар жабылып кетүүдө«. Мындай пикирин саясатчы Адахан Мадумаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Шайлоолорго тойдум деп басып кетким келет. Эгер кара жанымды баккым келет десем, башка мамлекеттер чакырат. Бирок өзүбүздүн топуракты кечип жүрмөйүнчө жүрө албайм. Ырыскыны кызмат эмес, Кудай берет», — дейт Мадумаров.

Анын айтымында, убагында «Кыргыздын тагдырын чечем» деген азаматтар бүгүн үн катпай жүрөт.

«Бирөөлөр шайлоо алдында келип кыйкырып, кийин бөтөн жакка кетип калышат. Алардын жүрөгү акчага кетип калгандыктан, кенен-кесир жашашат. Биздин терибизди сыйрып акча жасап алышкан», — дейт саясатчы.

Ал былтыркы президенттик шайлоодо акчасы болбосо да, кадыры бар адам экенин далилдегенин белгилейт.

«Мурдагы президенттик шайлоодо да экинчи турга чыккам. Мен арамдыкты, кемчиликтерди көрүп туруп күрөшпөй, өз оокатымды кылып алсам кайдыгерликтин туу чокусуна жетип калам», — дейт Мадумаров.

Copyright © 2017 Maral FM