Биз менен байланышыңыз

Кытайда жасалма вакцина чыгарган компания кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 708 | 0

Кытайдын Цзилинь провинциясында эң чоң дары-дармек жана вакцина өндүрүүчү Changchun Cnangshen Life Sciences компаниясы өтө чоң көлөмдөгү жасалма вакциналарды сатыкка чыгарганы кабарланды. Маалыматты КЭРдин Дары-дармектерди көзөмөлдөө департаменти жарыялады.

Аталган башкармалык Сhangchun Changshey Life Science ишканасына 9,1 миллиард юань же 1,3 милиард долларлык айыппул салды. Компаниянын сатыкка чыгарган вакциналары кайра кайтарылып, жок кылынды жана анын бардык мүлкү мамлекетке чегерилди. Ошондой эле компаниянын лицензиясы жокко чыгарылып, ондогон жооптуу адамдары өмүр бою дары-дармек чыгаруу жаатында ишкердик кылуу укугунан ажыратылды.

Бул окуя Кытайдын социалдык тармактарында абдан кызуу резонанс жаратты. Айтымдарында, аталган вакцина алты жашка чейинки балдарды кутурмага каршы эмдөөдө колдонулуп келген. Жарандар нааразылыктарын билдирип, компанияны олуттуу жазага тартуу талабы менен чыгышты.

Эске сала кетсек, ушул эле жылдын июнь айында аталган фармацевтикалык компания жасалма вакцина өндүрүп кармалган. Ал окуяда ишкана 1,7 милиард айыппул төлөгөн болчу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM