Биз менен байланышыңыз

Дауталиева: АРИСтин директорунун айткандары калп

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 800 | 0

Эл аралык донорлор таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтотуп коюушу мүмкүн. Мында кадрдык саясат-биринчи коркунуч. Мындай пикирин укук коргоочу Анара Дауталиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Дауталиева эл аралык донорлор АРИС агенттигинин директору Бекболот Айтиев 6 эреженин экөөнө гана татыктуу экенин айтып жатканын белгилейт.

«Эл аралык донорлордун катын көрдүм. Айтиевдин айткандары калп. Ал кызматкерлер жазган арыздарды жок кылып жатат. Дүйнөлүк банк буга чейин АРИСте иштеген директорлорго сыноо мөөнөтүн берген эмес. Себеби алар талаптарга толук жооп беришкен. 132 млн доллар токтоп калса, эл таза суу ичпей калат. Муну менен Айтиев президенттин аброюна шек келтирип жатат», — дейт Дауталиева.

Укук коргоочу АРИСтин байкоочу кеңеши Айтиев аталган мекемеге жетекчи болуп келерде эч кандай талкуу болбогонун айтат.

«Жадагалса, Айтиевдин резюмесин да окуган жокпуз. Дүйнөлүк банк 6 талап койгон. Айтиевдин эл аралык агенттиктер менен сүйлөшүүдө тажрыйбасы жок деп белгилейт. Аны ким директор кылып шайлаган деген суроо коюлат. Дүйнөлүк банк АРИСтин жетекчмси начар деп Айтиевдин өзүнө жазбайт, алар президентке жазат», — дейт укук коргоочу.

Буга чейин Дауталиева «Ала-Тоо булагы» программасы үзүлтүккө учураганы турарын айтып, президентке кайрылуу жолдогон.

Copyright © 2017 Maral FM