Биз менен байланышыңыз

Парламент депутаттары таза суу маселесинин чечилбегенине нааразы

Коом , Саясат | 22 Сен 2021 | 1046 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер жана бир канча мыйзам долбоору каралды. Ошондой эле Бишкек шаарында 3-майда Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы кол койгон «Ноокат шаарынын таза суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбооруна Европа Биримдиги тарабынан бериле турган инвестициялык грант боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам экинчи окууда каралды. Депутаттар жыйында жалпы эле Кыргызстандагы таза суу маселесин көтөрүп, бөлүнгөн каражаттын кайда кеткенин сурашып, коюлган пландар убагында ишке ашырылбай жатканын сынга алышты. 

Депутат Карамат Орозова парламентке таза суу боюнча кандай гана долбоор келбесин, колдоо таап келгенин, бирок жыйынтык жоктугун белгиледи. Анын айтымында, 2020-жылы Баткен шаары таза суу менен толук камсыз болушу керек болчу, бирок 2021-жыл аяктап жатса да, таза суу жок.

«Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү, бул боюнча бир анализ кылып көрүңүздөр. Маселен, Баткен шаарында 2020-жылдын октябрь айында таза суу чыгышы керек болчу. Мына 2021-жыл болсо да, азыркыга чейин суу жок. Же эски суу жок, же жаңы суу жок. Менин айтайын дегеним, Баткен облусуна өзгөчө макам бергениңер эмнеси, бир ичүүчү суу менен камсыз кылып бере албаганыңар эмнеси? Бир жылдан бери суу жок, дагы колдоп бергиле деп, долбоор алып келип жатасыңар, мурдагыларды текшерүү керек». 

Ош шаарында жыл сайын жаандан улам Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланып, анын кесепетинен Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү токтоп калат. Бул маселе бир канча жолу көтөрүлсө да, бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек.

Депутат Айнуру Алтыбаева Ош шаарындагы таза суу көйгөйүнө токтолуп, Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге Ошко барып, бир жума жашап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле «Таза сууга бөлүнгөн 8 млн еврону ким жеп койду?» деген суроо салды.

«Сиздер Ош шаарына барып, бир жума жашап көргүлөчү?! Кандай ылай суу ичесиңер? 8 млн еврону ким жеп койду, кайсы мэр жеди? Республикалык макамы бар шаарда биз ылай суу ичебиз. Бул кандай? Ош шаарында таз сууга бөлүнгөн акчаны ким жеп кетти? Шашылыш түрдө Башкы прокуратура мэрлердин үстүнөн иш козгосун. Мындай отчетторду 2011-жылдан бери угуп келебиз, жакшынакай кылып таанытып кетесиздер, ошол менен калат». 

Ал эми депутат Шайлообек Атазов Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүндө саркынды суу негизги маселе болуп жатканын айтты. Ошондой эле ал жакынкы күндөрдө маселе чечилбесе, 30 миң адам митингге чыга турганын кошумчалады.

«Мен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго кат жаздым: «жакында Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Учар айылында саркынды суулардын кесепетинен эпидемия чыгат» деп. Силер укпай жатасыңар! Мына май айынан бери жазып жатам. Жакында биз 30 миң адам болуп, ушул министрликтин алдына талап кылып чыгабыз. Анан чечесиңер ошол жерде маселени!»

Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев биринчи орунда таза суу менен камсыздоо, аны менен шаарлардан саркынды сууларды чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Өзүңүзгө маалым болгондой, биз биринчи приоритет катары калкты таза суу менен камсыздоону алганбыз, аны менен кошо саркынды сууларды шаарлардан чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Төлөйкөн боюнча Бүткүл дүйнөлүк банк менен экинчи этапта сунуштарды бердик, бул маселелер учурда банктын кароосунда».

2013-жылы Кыргызстан Европа өнүктүрүү банкы менен биргеликте 20 шаарды таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыра баштаган. Аталган долбоор боюнча 6 шаарга таза суу чыгарылган. Эми кезек Ноокат шаарына келген, долбоордун алкагында шаар 100% таза суу менен камсыз болот. Мамлекеттик бюджеттен бул багытта иш алып баруу үчүн 400 млн сом бөлүнөт. Бул сумма жетишсиз болгондуктан чет өлкөлүк донорлордон насыя жана гранттар тартылат.

Copyright © 2017 Maral FM