Биз менен байланышыңыз

21 -сентябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчөт

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 479 | 0

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 21 -сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу токтотулат.

Убактылуу өчүрүү «Контррезервуар» суу алуучу жайындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. Ага ылайык, айтылган күнү Достоевский, Максим Горький, Ауэзов көчөлөрү, темир жол линиясы, Алтын Ордо, Кара-Жыгач конуштары, Полиция шаарчасы менен чектешкен аймактардагы имарат, мекемелерде суу болбойт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, калаа тургундарынан ичкенге, тиричиликке сууну алдын ала камдап алууну эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM