Биз менен байланышыңыз

Кытайлык жарандар коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 5 күнгө камалды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 875 | 0

Ичимдик ичип алып кафедеги үч аял менен чыр чыгарып урушуп, «депутатка чалам» деп коркуткан кытай жарандары 5 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын бири 1971-жылы туулган, Бишкекте турган В.Б. аттуу кытайлык жаран экендиги аныкталган. Анын айтымында, кайын атасынын юбилейин белгилеп отуруп спирт ичимдигин ичип, катуу кыйкырып ырдашкан.

Жанында отурган үч аялдын бири тынчыраак болушун айтканда, баш ийбей чыр чыккан. Андан соң жеңеси ал аялдардан кечирим сураган.

Администрациялык жоопкерчилик кодексинин 364-беренеси боюнча аларга иш козголуп, Биринчи райондук сотуна берилген. Сот кытайлык 1971-ж. В.Б. жана 1961-ж. Ч.Щ.  жарандарын 5 күн камакка алуу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 15-октябрда Facebook социалдык тармагында кытай жаранынын кафеде олтургандарга корс мамиле жасап, “депутатка чалам” деп сүйлөгөн видеосу жарыяланып, кызуу талкууга алынган.

Copyright © 2017 Maral FM