Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчыга ырайым кылууну сурануу укугун берүү сунушталды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 873 | 0

Жогорку Кенештин тармактык комитетинин жыйынында “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Анда Исхак Масалиев акыйкатчыга “ырайым кылууну” суранып кайрылууга мүмкүндүк берүүнү сунуштады.

Депутат Мирлан Жээнчороев ага каршы чыгып, соттолгон адам ырайым сурагандан мурда өз күнөөсүн сезе билиш керектигин айтты.

Ырайым кылуу маселеси боюнча комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев комиссия кайрылууларды тыкыр карап чыгарын белгиледи. Мыйзам туугандарынын, уюмдардын жана акыйкатчынын ырайым сурап кайрылышына тыюу салбайт.

Соттолгон адам өзүн күнөөсүз деп билип, аны далилдегени жатса, анда ага мунапыс жарыяланбайт. Президент гана соттолгондун макулдугусуз ырайым кыла алат. Мындан сырткары акыйкатчы ырайым кылышын суранып өзү президентке кайрылууга болорун белгиледи.

Ошондой эле, Жээнчороев комиссиянын да мыкты иш алып барат деп айта албастыгын, анткени адам өлтүргөндөрдүн да амнистия алып кеткендигин кошумчалады.

Көбүнчө ырайым кылууну суранып оор кылмыш кылгандар кайрылышат, ал эми майда уурулук кылгандар жана ээнбаштык кылгандар кайрылышпайт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM