Биз менен байланышыңыз

Ноябрда кыргызстандыктар 5 күн эс алат

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 986 | 0

Өлкөдө 7-ноябрдан тарта 11-ноябрга чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Жумуш убактысын рационалдуу пайдалануу максатында министрлик дем алыш күндөрүн жылдыруу боюнча токтом кабыл алган. Анын негизинде 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгон үчүн эс алуу күнү деп белгиленди. Ал эми ишемби 3-ноябрь 9-ноябрга жумуш күнүнө жылдырылат.

Натыйжада 3-ноябрь жумуш күнү болуп, ал эми 7-11-ноябрга чейин беш күн катары менен  мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин кызматкерлерине дем алыш күнү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM