Биз менен байланышыңыз

Бавариядагы шайлоодо Меркелдин партиясы чоң айырма менен утулду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 947 | 0

Германиянын 16 федералдык аймагынын эн чоңу болгон Бавариядагы жергиликтүү парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин партиясы тарыхтагы эң аз добушун алды. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

14-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы бийликтеги партия менен анын союздаштарын катуу тынчсыздандырууда. Өз үйүндө 35% добуш алган Христиан-социалдык союзу менен Христиан-демократиялык союзу үчүн бул көрсөткүч жеңилүү болуп саналат. Экинчи орунду алган “Жашылдар” партиясы 18% менен алардан кийин турат. Союздун мындай утулуусуна анын миграция маселеси боюнча ар кыл позицияларды карманып, өзгөрүп жатканы себеп экенин эксперттер билдиришүүдө. Социалдык иликтөөлөр боюнча, учурда германиянын парламенти Бундестагда шайлоо болчу болсо, Меркельдин партиясы 25%дан ашыкча ала алмак эмес. Себеби Бавариядагы көрсөткүч буткүл мамлекеттин маанайын чагылдырып турары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM