Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 1332 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин соттук отуруму уланды. Анда прокуратура соттолуучуну күнөөлүү деп табуу менен бирге 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүүнү өтүндү. Ошондой эле 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салууну да суранган.

Кошумчалай кетсек, Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иши 2014-жылы ачылган. Башкы прокуратуранын билдиришинче, экс депутаттын катынын негизинде Кыргыз-орус славян университетине 24 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынган. Ал үчүн Осмоналиев 14 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алган деп айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM