Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Дача-СУга кулаган учактагы жүккө кызыкты

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1103 | 0

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2017-жылдын 16-январында Дача-СУга кулаган учак тууралуу маалымат сурады.

Депутат УКМКнын төрагасынын орун басарына кайрылып, аталган кырсык боюнча айрым шек жараткан маалыматтарды алганын билдирди.

Анын айтымында, учактын бортунда келген адамдардын саны боюнча ар кандай маалыматтар айтылып келет. Ошол күнү ӨКМнын кызматкерлери окуя болгон жерге эмне үчүн 1 саат 40 мүнөт кире алган эмес. Милиция кызматкерлери тосуп, аларды атайын киргизбей койгон деген сөздөр айтылууда. Учактагы жүк кимдики болгондугу тууралуу да ар кандай сөздөр айтылып келет. Ушул боюнча иликтөө болуп жатабы? Жыйынтыгы качан чыгат?.

Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары болсо аталган маалыматтардан кабары жок экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM