Биз менен байланышыңыз

МАК: Дача СУ айылындагы кырсыкта экипаж чабалдык кетирген  

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 664 | 0

Дача СУ айылындагы авиа кырсыкка экипаждын конууга көзөмөл жүргүзбөгөнү жана тиешелүү чара көрбөгөнү себеп болгон. Мындай билдирүүнү Мамлекет аралык авиациялык комитет (МАК) кырсык боюнча чыгарган жыйынтык отчетунда жасады.

2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык «Боинг-747-400» жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылында кыйроого учураган. Андан 39 киши набыт болушкан.

МАК буга чейин авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгонун билдирген. Ошону менен катар МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM