Биз менен байланышыңыз

Президент Дача-СУ кырсыгында каза тапкандардын жакындары менен жолукту

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 672 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда мындан туура 3 жыл мурда Дача-СУ айылында учактын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя, орду толгус оор жоготуу болгонун баса белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Copyright © 2017 Maral FM