Биз менен байланышыңыз

Дача-СУ боюнча иш кайрадан жанданды. Жүктүн ээси ким?

Саясат | 27 мая 2019 | 609 | 0

Дача-Судагы кырсык боюнча иш кайрадан каралып жатат. Мындай маалыматты буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан эле.

— Бул факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырылган бардык материалдар чогултулуп, кылмыш иши 14-январда кайрадан ачылган. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, учурда уланууда.

Маалыматка ылайык, учурда тергөө ишин Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. Алардын билдирүүлөрүнө караганда, буга чейин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы да кайрадан текшерилүүдө.

Эске салсак, буга чейин «Жүктүн ээси ким?» деген суроонун тегерегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы аталып, аны айыптагандар да болгон. Учактагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер барын билдирип чыкканы үчүн Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз доого жыгылган. Кийин Жогорку Сот бул ишке чекит койгон. Азыркы тапта иш кайра жанданганына байланыштуу, алардан да маалыматтар суралганын Канатбек Азиз «Марал» радиосуна билдирди. Анын айтымында, Таалайгүл Токтакунова күбө катары суракка чакырылган. Ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин ал: «Жүктүн ээси экс-президент же анын жакындары болушу мүмкүн», — деп эсептейт. Анын себебин мындайча түшүндүрдү:

— Атамбаев ошол учурда президент болуп турганына карабай, жүктүн ээси ким экенин аныктоого аракет кылган жок. Тескерисинче, жапканга аракет кылды. Мындан улам, мен азыркы күнгө чейин жүктүн ээси Алмазбек Атамбаев болбосо да, анын жакындары же чөйрөсүндөгү кишилер деп эсептейм. Эгерде биз ага жалган жалаа жапкан болсок, анда ким экенин так аныктап, көрсөтүшү керек эле да. Ошол учурда тоскоолдуктар да көп болду.

Деген менен ошол учурда жүктү Алмазбек Атамбаев менен байланыштыруу каралоо болгонун КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков айтат. «Өмүрбек Текебаев менен тиреш күчтүү болгондуктан, ушундай каралоо жүргөн», — дейт Касымбеков.

— Бул маалыматтар чындыкка жатпайт. Жалган маалымат таратканы үчүн ошол юристтер доого жыгылган да. Ал жөн эле каралоо, ушак болгон. Эгерде Атамбаевдин тиешеси болгондо, Түркия тарап айтып чыкмак. Жадагалса ошол айткан маалыматтарын сотто тастыктай алышкан эмес. Эптеп бир шылтоо таап, экс-президентти каралоо жүрүп жатат.

Маалым болгондой, жогоруда айтылган күмөндөрдөн улам, Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Арадан эки жыл өтсө да, Дача-Суда жашагандардын эсинде күнү бүгүнкүдөй сакталып калган бул окуяны атайын түзүлгөн комиссиянын айрым мүчөлөрү унутуп коюшкандай. Комиссиянын мүчөсү Максат Сабиров: «Ошол учурда чыккан корутунду так эсимде жок», — дейт. Эсинде калганы — жүктүн ээси кыргызстандык болбогону.

— Андан бери канча жыл өттү. Так эсимде жок. Биз ошол учурда корутунду чыгарып бергенбиз. Эстегеним боюнча, жүктүн ичинен 2 миңдей зажигалка гана Кыргызстанга келмек. Анын ээси казакстандык компания болгон.

«Эми жаңыдан каралып жаткан ишке адилет чечим чыгабы?» — деген суроону серепчилер талкуулашууда. Саясатчы Равшан Жээнбеков тергөөнү адилеттүү жүргүзүүгө бүгүнкү бийликтин толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат.

— Азыркы бийликте баары жаңы. Так, адилеттүү чечим чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Мурдагы бийликтин тиешеси бар деген күмөндөрдү же аныктайт, же жокко чыгара алат. Адилет чечим чыгарып бериши керек. Эгерде аны да аткара албаса, анда азыркы бийликтен эмнени күтсө болот?

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы аэропортко жакын жайгашкан Дача-СУ аймагына кулап, 39 киши каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM