Биз менен байланышыңыз

2019-жылы катталган авиа кырсыктардын хронологиясы (сүрөт)

Блог , Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 751 | 0

Туура үч жыл мурда, 2017-жылдын 16-январында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы аэропортко жакын жайгашкан Дача-СУ аймагына кулап, 39 киши каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Ички иштер министрлиги бул кырсык боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып, 2019-жылдын 14-январында Башкы прокуратура ал чечимди  жокко чыгарган. 2019-жылдын май айында Дача-СУ боюнча иш кайрадан жандандырылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин жүктүн ээси ким болгону ачык айтыла элек.

«Марал» радиосу эң аз дегенде 10 киши каза болгон, 2019-жылы катталган авиа кырсыктардын хронологиясын сунуштайт:

14-январда Бишкектен учкан «Boeing 707» учагы Ирандын Тегеран шаарынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан Кередж аймагында кулаган. Учактын бортунда 16 адам болгон, алардын бирөө аман калган.

9-мартта Колумбиялык Laser авиакомпаниясына таандык Douglas DC-3 жүргүнчүлөр учагы Сан-Хосе-дель-Гуавьяр шаарынан  Вильявисенсьо шаарына учуп баратып, техникалык бузулуудан улам Сан-Мартин калктуу аймагына авариялык конуу жасоого аракет кылып, бирок ал ийгиликсиз болгон. Учактын бортундагылардын баары: 11 жүргүнчү жана экипаждын 3 кызматкери каза тапкан.

10-мартта Эфиопиянын  Ethiopian Airlines авиакомпаниясына таандык жүргунчүлөрдү ташуучу Boeing 737 MAX 8 учагы учуунун 6-мүнөтүндө кырсыкка кабылган. Аддис-Абебадан Найробини көздөй бара жаткан учактан 157 жаран каза болгон. Алардын 149у жүргүнчү жана сегизи экипаж мүчөлөрү болгон. Каза болгон жарандар 35 өлкөнүн жарандары болгон. 13-марттан баштап дүйнө жүзүндө Boeing 737 MAX 8  самолётторун колдонуу токтотулган.

5-майда Мексикада жүргүнчүлөрдү ташуучу Bombardier Challenger 601 учагы кыйроого кабылган. Учактын бортунда 13 киши болгон. Алардын ону жүргүнчү жана үчөө экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, учак чагылгандуу жаандан улам шашылыш конууга аракет кылып, бирок кыйрап калган.

5-майда Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманск шаарына учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен. Учактын ичиндеги 78 адамдын отуз жетиси гана аман калып, 41 киши каза болгон. Аман калгандардын отуз үчү жүргүнчү болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Кырсыктын себебине экипаж командири Денис Евдокимов күнөөлүү деп табылып, “кырсыкка эч кандай техникалык себептин таасири болгон эмес, башкаруу учурунда командирден катачылык кеткен” деген чечим чыккан. 

3-июнда Индиянын аскердик учагы Жорхат шаарынан чыгып, Липо калк жашаган аймагынан 16 км алыстыкта кыйраган. Учактын калдыктарын 3,5 метр бийиктиктеги тоодон 11- июнда табышкан.  Учактын бортунда 13 киши болгон, алардын бешөө- экипаж мүчөлөрү.

30- июнда АКШнын Даллас шарындагы Эддисон муниципалдык аэропортунда EE Operations авикомпаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу Beechcraft B300 King Air учагы учуп-конуучу ак сызыкта ангарга кулап түшүп, күйүп кеткен. Учактын бортунда 10 киши болгон, алардын баары каза болгон.

30- июлда Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн Beechcraft B300 King Air жеңил учагы аскердик машыгуу учурунда кулап түшүп, натыйжада, бир канча имарат өрткө кабылып, бери эле дегенде 17 киши курман болгон. Алардын бешөө учактын бортундагылар болсо, он экиси — жердеги адамдар.

24-ноябрда Конго Демократиялык Республикасында Busy Bee жеке менчик авиакомпаниясынын Dornier учагы кулап, кеминде 23 киши каза болгон.

27-декабрда таңкы маалда Казакстанда Алматы – Нур-Султан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунан алысыраак жерге кулап түшкөн. Учактын бортунда жалпы 98 адам: 93 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон. Кырсыктан 12 киши өлүп, 47 адам ооруканага жаткырылган, алардын бешөө — жаш балдар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM