Биз менен байланышыңыз

Еврокомиссия Кыргызстанды «кара тизмеден» чыгарууга жардам берүүгө даяр

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 812 | 0

Кыргызстандын авиакомпанияларын Европа биримдигинин «кара тизмесинен» чыгарууга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директору Хенрик Хололей Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

10-декабрда Брюсселде өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда транспорт чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде, Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБнын «кара тизмесинен» чыгаруу боюнча биргелешкен аракеттердин келечектерин карап чыгышканы маалыматта айтылат.

Европалык комиссия бул маселе боюнча жигердүү иштөөгө даярдыгын билдирди жана учуулардын коопсуздугун камсыздоо шарттарын жакшыртуунун алкагында көрүлүп жаткан чаралар боюнча кыргыз тарабынан суралган кошумча материалдарды тезирээк алуунун маанилүүлүгүн белгиледи ,-деп жазылган.

Эскерте кетсек, мурдагы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан «кара тизмеден» 2019-жылдын башында чыга турганын айткан болчу. Аталган тизмеге Эл аралык авиация уюмунун талабын аткарбаган өлкөлөр кирет жана алардын Европа Биримдигине кирүүсүнө тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM