Биз менен байланышыңыз

Дача-Сунун кайра каралышы Атамбаевге эскертүүбү?

Саясат | 17 Апр 2019 | 1142 | 0

Дача-Судагы авиакырсык иши кайрадан каралып жатат. Бул туурасында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Мындан улам коомчулукта «Экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүнбү?» деген суроолор кызуу талкууга алынууда. Анткени, буга чейин эле экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште колдоо таап, президенттин кароосуна коюлган. Ушуга улай, биз бул багытта юристтердин, саясий серепчилердин пикирин угуп көрдүк.

 

Дача-Судагы авиакырсык боюнча иш кайрадан каралууда. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жатып айтты.

— Бул факты боюнча массалык маалымат каражаттарына чагылдырылган бардык материалдар чогултулуп, кылмыш иши 14-январда кайрадан ачылган. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, учурда уланууда.

Башкы прокурордун мындай билдирүүсүнөн кийин буга чейин коомчулукта айтылып жүргөн «Жүктүн ээси Алмазбек Атамбаев жоопкерчиликке тартылышы керек» деген ойлор кайрадан кызуу талкууга алынууда. «Кайра козголгон иштин негизинде экс-президентке кылмыш иши козголушу мүмкүнбү?» деген божомолдор айтыла баштады. Анын үстүнө жакында эле экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө жактырылган мыйзам буга шарт түзөбү дегендер да жок эмес.

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголушу керектигин эл мурдатан эле айтып келгенин белгилейт. Бирок маселе создуктурулуп, саясатташып кеткенин айтат. «Экс-президентке карата кылмыш ишин козгоо үчүн анын буга чейин эле айтып келген сөздөрү далил боло алат болчу»,- деген Азимбек Бекназаров эми кайра козголуп жаткан иштин негизинде кылмыш иши козголорунан күмөн санайт.

— Бул бийликте, бийлик дегеним башкы прокурордо, тергөө органдарында саясий эрк жок. Жетелеме кызматкерлер. Ошондуктан, азыркы тергөө органдары тарабынан экс-президентке кылмыш иши козголоруна көзүм жетпейт. Эми кылмыш ишин козгоо абдан кыйын болот. Анткени, маселе өтө саясатташып кетти.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова экс-президенттин айткан сөздөрү анын кылмыш иштерине катыштыгы бар экенин билдирсе да, мыйзам чегинде ал ак болуп чыкмак дейт. Анткени, учурда кылмыш иши козголгон маселелерди ишке ашырууда ал оозеки гана айткан, а кол койгон киши башка болчу. «Бирок, азыркы учурда Дача-Су боюнча иш кайрадан каралып, анын аткезчиликке катыштыгы бар экени далилденсе, бул багыттан кылмыш иши козголушу мүмкүн»,- деди.

— Экс-президент өзү азыркы ызы-чуу болуп жаткан маселелер боюнча «менин чечимим», «мен айткам», «менин буйругум» деп ачык эле айтып жатат. Бирок ал оозеки гана айткан. Анткени, аларды ишке ашырууда кол коюуга укугу жок болчу. Демек, мыйзам боюнча кол койгон кишиге гана кылмыш иши козголот. Ал айтып, анын буйругун аткаргандар ак жеринен камакта отурушат. Эгерде Дача-Су кырсыгындагы аткезчиликте экс-президенттин күнөөсү далилденсе, кылмыш ишин козгоого негиз болушу мүмкүн.

Анын үстүнө буга чейин Жогорку Кеңеште экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын колдоо таап, президентке жөнөтүлүшү бул божомолдорго шарт түзүшү мүмкүн дешет саясий серепчилер. Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев эгерде аталган мыйзам күчүнө кирсе, экс-президенттерге мурдагы аткарган мыйзамсыз иши боюнча кылмыш иши козголушу толук мүмкүн экенин айтат.

— Эгерде президент болуп турган учурда мыйзам бузса, ал сөзсүз жооп бериши керек болот. Айрымдар мыйзам артка карай иштебейт деп жатышат, бирок андай эмес. Мыйзам эки учурда гана артка карай иштебейт. Биринчиси, жаңы милдеттер кошулса, экинчиси, жоопкерчилик оорлосо. Ошондуктан, мурдагы бардык экс-президенттер өзүнүн убагында аткарган мыйзамсыз иштери үчүн жооп бериши керек болот.

Эске салсак, экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу сөз парламентте буга чейин Бишкек жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу көтөрүлгөн. Кийичерээк мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиевдер парламентке алып чыгышкан. Бул маселе ЖЭБге байланыштуу көтөрүлгөндөн улам, мыйзам экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата багытталган дегендер да болгон. Бирок демилгечилердин бири Курманкул Зулушев мыйзам күчүнө кирсе баарына тиешелүү болорун айтат.

— Бул мыйзам бир адам үчүн жазылган жок. Экс-президент деген статус кимде бар болсо, ошолордун баарына тиешелүү. Эгерде ошол иштеп жаткан учурундагы кылмышы далилденсе, сөзсүз жоопко тартса болот. Мыйзам ошол мааниде жазылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM