Биз менен байланышыңыз

Кытай «кайра тарбиялоо» лагерлерин мыйзамдаштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1938 | 0

Кытай бийлиги Синьцзян-уйгур автономиялык облусундагы уйгур мусулмандарын  «кайра тарбиялоо» лагерлерин мыйзамдаштырды. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Эми жаңы мыйзамга ылайык, аталган лагерлер Ислам динин тутунган уйгурлардын психологиясын өзгөртүү жолу менен терроризмге каршы күрөш жүргүзүшөт.

Лагерлерде жүрүм-турумду оңдоо, идеологиялык сабатын жоюу иштери алынып барылып, атайын психологдор иштешет.Ошондой эле ал жерде кытай тили жана маданияты, мыйзамдар жана кесиптик билимдер үйрөтүлөрү айтылууда.

Жаңы мыйзам боюнча сакал-мурут коюу, жоолук салынуу, “халал” терминин колдонуу, мамлекеттик телеканалды көрбөө, өзгөчө ысымдарды коюу жана мамлекеттик билим берүүдөн баш тартуу терроризмге мүнөздүү белгилер болуп саналат.

БУУнун билдиришинче, аталган лагерлерде миллиондон ашуун уйгур мусулмандары бар. Бирок Кытай тарап муну тастыктабай, жашыруун кармоодо. Эл аралык коомчулук, БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясы жана Европа парламенти Кытайдын “кайра тарбиялоо” лагерлеринин бет кабы менен этникалык жана конфессиялык азчылыктарга зордук-зомбулук жасап, алардын укуктарын тебелеп жатканын айтып тынчсызданууда.

Мындан сырткары, аталган лагерлер кайра тарбиялоодо психологиялык жана физикалык басым, уруп-согуу жолдору менен “тарбиялап” жатышканын лагерден кутулуп чыккан кээ бир уйгур, казактар айтып чыгышты.

Эске сала кетсек, Синьцзян уйгур автономиялык облусу Кытайдын карамагындагы эң чоң автономиялардан болуп саналат. Калкы 30 миллионго чукул уйгур түрктөрү Ислам динин тутунушат. Аларга карата борбордук бийлик тараптан ар түрдүү кысымдар болгону көптөн бери айтылып келгени менен, 2017-жылдан баштап курч мүнөзгө өткөнү маалым.

Copyright © 2017 Maral FM