Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өткөн айда 30 жаңы мектеп ачылды

Кыска кабар , Сүрөт | 9 Окт 2018 | 1234 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Анда Абылгазиев өткөн айда өлкө боюнча 30 жаңы мектеп ачылганын, жыл соңуна чейин 150дөн ашуун билим берүү, маданият жана спорт объектилери ишке берилерин белгилеп, алыскы райондордогу мектептер интернет менен камсыздаларын айтты.

Өкмөт башчы ошондой эле ата-энелерди да балдардын билим алуусуна тийиштүү көңүл бөлүүгө, аларга шарт түзүп, окуусуна көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында мектептин компьютердик классы үчүн жабдуу алууга сертификат тапшырылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM