Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз-орус бизнес форуму өттү

Экономика | 15 Сен 2018 | 1639 | 0

Бишкекте кыргыз-орус бизнес форуму «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Форумга жалпы 200дүн тегерегинде компания катышты. Алардын ичинен Орусиядан айыл чарба техникаларын чыгарган компаниялар басымдуурак кылды. Ал эми Кыргызстандан айыл чарба продукциясын ички рынокко чыгарган дыйкандар катышты.

Кыргызстандын экономикасында Орусия менен соода алака чоң көлөмдү ээлейт. Кыргызстанга импорттолгон товардын 50 пайызы Орусияга туура келет. Былтыркы жылы сооданын көлөмү 1,5млрд долларды түздү. Анын 265 млн доллары экспорт болсо, калган 1 млрд 232 млн доллары импорттук товарлар. Буга байланыштуу Кыргызстандын экспортун өстүрүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун айтымында, өлкөдө инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлгөн.

Азыр Кыргызстанга келген чоң инвесторлор өкмөт менен түз 50 млн доллардан жогорку суммага инвестициялык келишимдерди түзө алат. Ал жерде өзгөчө жеңилдиктер бар. Ошондой эле биздин мыйзам туруктуулукту камсыздап берет. Тагыраагы келген инвестор 5-10 жылга келишим түзсө, салыктардын суммасы келишим түзүлгөн күндөгү боюнча калат. Эгер салыктар көтөрүлүп кетсе дагы, сырттан келген инвестор муну ойлонбой эле койсо болот.  

Мындан улам Абакиров Орусиялык ишкерлерди Кыргызстандын тигүүчүлүк тармагына, айыл чарбасын кайра иштетүүгө, туризм, маалыматтык технология жана медицина тармагына каражат салууга чакырды.

Ал эми ишкерлер азырынча эки тараптын таанышуу кадамы экенин белгилеп жатышат. Анткени жолугушуулар канчалык көп болсо, түзүлгөн келишимдердин саны артат. Бул жолу Орусиянын «Русская кожа» компаниясы менен Кыргызстандын «Империал» компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду. Эми Кыргызстан Орусиядан келген булгаарыдан бут кийим өндүрө баштайт. Буга «Русская кожа» өтө кызыктар экенин компаниянын жетекчиси Игорь Сурин белгилеп жатат.

Баштапкы этаптагы иштер жемиштүү болду. Келишимдерге эки тараптуу кол коюлду. Биз буга абдан кубанычтабыз. Эми Кыргызстанга бут кийимге керектүү булгаарыны жөнөтүп турабыз. Ал эми Кыргызстандагы кесиптешибиз сапаттуу өтүктөрдү чыгарат. Буюрса алдыда дагы пландарыбыз көп. Ал үчүн шарт дагы бар. Кыргызстан биздин стратегиялык өнөктөшүбүз боюнча калат.

Кыргызстандагы ишкерлер болсо, Орусияга карата киргизилген санкцияларды маалында кармап калуу аракетинде. Анткени «Азра фрутс» компаниясы интенсивдүү багбанчылыкты өздөштүрүү менен түшүмдүн көлөмүн көбөйтүү жолун тапты. Төрт жылдын ишинин жыйынтыгында 10 жылда жетчү түшүмдү 4 жылда алууга болоорун аталган компаниядан Аймира Жумашева айтып берип, санкциянын учурунда пайдаланып калуу керек экенин айтты.

Биз сатыкка чыгарып жаткан алмалар Орусияга Польша, Европадан келет. Бирок ошол мамлекеттер Орусияга санкция киргизгендиктен, ал рынокко биздин кирип кетүүбүз оңой. Ошондуктан түшүмдү көбөйтүү жолдорун карап тезирээк аракет кылышыбыз керек.   

Ошондой эле Орусиянын айыл чарба жана машина куруу өндүрүшү боюнча департаменттин  директору болсо, эки өлкө соодасын доллар менен эмес, улуттук валютада жүргүзүү сунушун берди. Эгер бул саясат кабыл алынса, валютадагы тобокелдиктер болбойт.

— Биздин кызматташуунун келечеги кең. Албетте айрым негативдүү жагдайларды эске албаганда. Биринчиден валютадагы тобокелдиктер. Бүгүн доллардын өсүп же түшүп жатканы ишкерлерди көп зыянга учуратып жатат. Ошондуктан доллардан баш тартып, улуттук валюта менен соода сатыкка өтсөк жакшы болмок. Ал Евразия экономикалык биримдиктин алкагында бирдиктүү валютага өтүү маселени чечүү жолу болуп бермек.  

Эки өлкө ортосундагы бизнес форум эртең 15-сентябрда дагы уланат.

Copyright © 2017 Maral FM