Connect with us

JIAга мүчө ишкерлер салык кызматынын башчысы Алманбет Шыкмаматов менен жолукту

Без рубрики , Кыска кабар | 30 Янв 2025 | 962 | 0

Бүгүн, 30-январда JIA бизнес-ассоциациясына мүчө ишкерлер менен мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алманбет Шыкмаматов жана Экономика министринин өкүлдөрү салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү боюнча жолугушуу өтүүдө.  

Жолугушууда президенттин «Салык мунапысы» жөнүндөгү жарлыгынын мааниси жана аны ишке ашыруу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) колдонулушун жеңилдетүү, салык башкаруусун санариптештирүү жана оптималдаштыруу, салык саясатынын туруктуулугун камсыз кылуу жана келечек пландары, ишкерлердин салык мыйзамдары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу тууралуу маселелр айтылууда.

«Биз ЭТТНди жокко чыгарып андан көп салык чогулта алдык. Жогорку Кеңешке март айында салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштайбыз. Биз ЭТТНди импорттоочуларга жана өндүрүүчүлөргө гана киргизебиз. Себеби мамлекет муну көзөмөлдөөсү керек. Орто жана чакан ишкерликтерге эч кандай тиешеси жок, алар мурдагыдай эле системада иштей берет»,- деди Алманбет Шыкмаматов

Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТНдин иштешине тыкыр талдоо жүргүзүүнү жана бул механизмди ири товарларга гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.

Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.

“Мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар. Дал ушуга байланыштуу президент жакында эле Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТН боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган” , — деди Алагөзов.

Ошондой эле президент жалпысынан фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай иштеп чыгуу керектигин айткан.

Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) беш багытка калтырып, калганын бошотуу керектигин айткан.

Анын пикиринде, ЭТТН бүгүнкү күндө терең анализ жасалбай, бир топ кемчиликтер менен ишке кирип калган. Ошондуктан Шыкмаматов аны бюджетти түзгөн товарлардын беш түрүнө калтырып, калганына ЭТТНди жоюу керек деп эсептейт.

Шыкмаматов бул чакан жана орто бизнеске чоң колдоо болорун билдирген.

“Система 13 миңден ашык товарды камтыйт – тиш чукугучтан тартып мунай азыктарына чейин, бул ашыкча жүктү жаратып, башкаруунун натыйжалуулугун төмөндөтөт. Мындай ыкма суроолорду жана сынды жаратат, анткени мындай кеңири ассортиментти камтуу бизнес үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Бул жалпыланган ыкма натыйжасыз жана кайра карап чыгууну талап кылат».

Өткөн жылы өлкөдө товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүнө (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) карата бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM