Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Күйүкова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаран көмүр кычкыл газына ууланып, ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Кошумча саат 03:46да Биринчи Май райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн дагы бир бөлүм тартылган.
Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.