Биз менен байланышыңыз

Казакстандын ЖОЖдоруна тапшыруу 24-майда аяктайт

Кыска кабар | 1 мая 2024 | 132 | 0

Казакстандын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтер 24-майга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандарына университеттеринде билим алууга 50 орун бөлгөн:

-бакалавриат программаларына — 25 орун;
— магистратура боюнча – 20 орун;
— үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүүгө – 5 орун.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер онлайн системасынан каттоодон өтүп, талап кылынган документтерди жүктөшү керек. 23-майда саат 23:59га чейин арызды жана каттоо формасын толугу менен толтуруу зарыл.

Толук маалыматты шилтеме аркылуу алса болот.

Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилет.

Ошондой эле суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM